
17
ТАШУУ ЖАНА ИШТЕТҮҮ
Шайманды ташуучу унаага жүктөө жана андан
түшүрүү ылайыктуу жабдуу менен аткарылышы
к
ерек (9-сүр.)
Маанилүү! Шайманды иштетүү үчүн ага зыян
келбегендей жана элге же мүлккө зыян
келбегендей.таңгактоого коюлган нускамаларды
эске алуу менен, зарыл сактык чаралардын
баарын көрүү зарыл.
ТАҢГАКТАН ЧЫГАРУУ
Катуу кагаз кутуну жыгач негизге бекитип турган
эки пластик байламды кайчы менен кесиңиз.
Кутуну өйдө көтөрүп чыгарыңыз (10-сүр.) да,
шайманды полистирол каттамынан бошотуңуз.
Коргоочу пластик баштыкты алып салыңыз.
Жабдуу бүтүн экенин дароо текшерип, эгер бир
жери башкача болсо, шайманды ИШТЕТПЕЙ
туруп Дилерге кайрылыңыз.
Коргоочу мээлей колдонуп, шайманды экөөлөп
тик көтөрүп ойлонулган ордуна койгула.
Коргоочу ПВХ тасманы бардык жактарынан
абайлап алыңыз; жабыштыргычтын кандай
болбосун изи калса, жумшак чүпүрөк жана
нейтралдуу өнүм менен акырын кетириңиз. Дат
баспаган беттерди ордуна келгис кылып зыянга
учуратышы мүмкүн болгон спонж, кыргыч же
чийгич, кычкылдуу же агрессивдүү заттарды
колдонбоо сунушталат.
Экологиялык эскертүүлөр: түрдүү таңгактоо
компоненттеринин баары шайман колдонулган
өлкөнүн учурдагы эрежелерине ылайык жок
кылынышы керек. Кандай болсо да, чөйрөгө эч
нерсе ташталбашы керек.
Маанилүү! Таңгактоо компоненттери балдар
жана жаныбарлар үчүн коркунуч туудурушу
мүмкүн, алар менен ойношуна жол бербегиле!
НЕГИЗГИ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ
Бул жетекте берилген нускамаларды аткарбай
туруп шайманда аткарыла турган операциялар
ү
чүн жоопкерчилик колдонуучуга өткөрүлөт.
Орнотуу үчүн негизги коопсуздук эрежелери
ылдый жакта тизмеленген:
• шайманга (тиешелүү мээлей жана бут кийим
м
енен) корголбогон же жылаңач, ным же суу
кол же бутуңузду тийгизбеңиз;
• коргогучтар менен кыймылдуу бөлүктөрдүн
ортосунда бурагычтарды, ашкана
буюмдарын же башка эч нерсе киргизбеңиз
• шайманды ажыраткандан кийин гана ишти
баштаңыз (кубат шнурунан тартпаңыз).
9-сүр.
10-сүр.
Comentarios a estos manuales