KitchenAid KCBSX 60600 Instrucciones de uso Pagina 6

  • Descarga
  • Añadir a mis manuales
  • Imprimir
  • Pagina
    / 24
  • Tabla de contenidos
  • MARCADORES
  • Valorado. / 5. Basado en revisión del cliente
Vista de pagina 5
6
ОРНОТУУ
Шайманды жылдырганда жертаманды (мис.,
паркетти) бузуп албагандай болуңуз.
Шайманды анын салмагына чыдагандай
күчтүү жертамандын үстүнө жана анын
өлчөмүнө жана колдонулушуна ылайыктуу
жерге орнотуп, тегиздеңиз.
Шайман температурасы баа табагында
көрсөтүлгөн климаттык класска ылайык
кийинки арымдардын ичинде болгон жайларда
иштетүүгө арналган. Шайман көрсөтүлгөн
арымдан тышкаркы температурада көп
убакытка калып калса, туура иштебей калышы
мүмкүн.
Баа табагында көрсөтүлгөн чыңалуу
үйүңүздөгү чыңалууга туура келиши керек.
КООПСУЗ КОЛДОНУУ
Бул же башка электр шаймандарына жакын
жерде нефть, бат тутанма суюктуктарды же газ
сактап же иштетпеңиз. Алардын жыты өрт
чыгышына же жарылууга алып келиши
мүмкүн.
Муз бүртүктөрүн же соруучу момпосуйларды
тоңдургучтан аларыңыз менен жебеңиз,
мындан үшүккө алдыруу болушу мүмкүн.
Кандай болбосун тейлөө же тазалоо ишин
кылардан мурда шайманды кубат жеткирүүдөн
сууруңуз же башкача ажыратыңыз.
Тоңдургуч бөлүмүнө ичинде суюктук бар
айнек идиштерди койбоңуз, алар сынып
калышы мүмкүн.
Тоңдургуч бөлүгүнүн ички беттерине тамакты
оробой тийгизип койгонго жол бербеңиз.
Тамакты алып чыгып жатканда же процесстин
ортосунда эшигин ачышыңыз керек болсо,
ички беттерине же тоңдурулган тамаккка
колуңузду түз тийгизбеңиз, себеби мындан
үшүк алып кетиши мүмкүн.
Айтылган кеңеш жана сактык чаралары
аткарылбаган учурда кишилерге,
жаныбарларга же мүлккө зыян келтирилсе,
Өндүрүүчү кандай болбсоун жоопкерчиликти
четке кагат.
Климат
классы
Чөйрө
температурасы (°C)
Салыштырма
нымдуулук (%)
3 25 60
4 30 55
5 40 40
Сактык чаралары жана жалпы сунуштамалар
Шайманды кургак, жакшы желдетилген
бөлмөгө жылуулук булагынан (мис., радиатор,
меш ж.у.с.) алыс жана күн түз тийбеген жерге
орнотуңуз. Зарыл болсо, оолактандыруу
табагын урунуңуз.
Туура желдетүүнү камсыз кылуу үчүн орнотуу
нускамаларын аткарыңыз.
Энергия үнөмдөө боюнча кеңештер
Шайманыңызды эң мыкты колдонууну
камсыз кылуу үчүн өнүмдүн сүрөттөлүшүн
жана пайдалуу кеңеш камтыган иштетүү
нускамаларын кунт коюп окуңуз.
Бул нускамаларды кийин караганга сактап
коюңуз.
1. Шайманды таңгактан чыгаргандан кийин
анын эч кемтиги жок бекен жана эшиги
жакшы жабылат бекен деп текшериңиз.
Кайсы болбосун кемтик шайман
жеткирилгенден кийинки 24 сааттын ичинде
дилерге баяндалышы керек.
2. Муздатуучу айлампа толук ишке жараарын
кепилдөө үчүн шайманды күйгүзөрдө жок
дегенде эки саат күтүңүз.
3. Шайманды колдонордон мурда ичин
тазалаңыз.
4. Бул өнүм - тамак сактагыч эмес, “бороондуу
сууткуч” болгондуктан, тамак сактагыч
катары колдонууга жарабайт. Тандалган
програм аяктаганда, тамакты алып,
муздаткычка же тоңдургучка салыш керек.
Шайманды колдонордун алдында
Vista de pagina 5
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 ... 23 24

Comentarios a estos manuales

Sin comentarios